• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

КР спортчулары эл аралык күрөш боюнча турнирде 4 медаль утушту

Спорт 0

Бишкек, 20.03.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык спортчулар өспүрүмдөр арасында өткөн эркин күрөш боюнча эл аралык турнирде 4 медаль утушту.

Мамлекеттик жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, турнир 12-15-март күндөрү Минскте (Беларусия) өткөн. Мелдешке 500гө жакын жаш спортчулар катышкан.

Кыргызстандын атынан жети спортчу барган.

Бермет Нурдин кызы, Кальмира Билимбек кызы жана Айжан Сабырбек кызы финалга чейин жетип, күмүш медаль утушкан. Бурулсун Бекболотова турнирде коло медаль тагынды.

Пикир

Оставить комментарий