КР ТИМ башчысы "Борбор Азия - Италия" министрлер конференциясына катышты

Саясат 0

Бишкек, 30.05.24. /Кабар/. Римде Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев "Борбор Азия - Италия" министрлер конференциясына катышты.

КР ТИМден билдиришкендей, конференцияда Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Италиянын тышкы саясат ведомстволорунун башчылары аймактар аралык кызматташтыкты кеңейтүүнүн актуалдуу темаларын талкуулашты. Атап айтканда, соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрө, транспорттук өз ара байланыштар, энергетика жана экология тармактары. Ошондой эле аймактык өнүктүрүү жана глобалдык чакырыктар маселелери талкууланды.

Министр Жээнбек Кулубаев өз сөзүндө, Кыргызстан саясий диалогду бекемдөөгө жана өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө умтулуп жатканын билдирди. Кыргызстандын аймактык кызматташтыктагы, тактап айтканда соода, транспорттук-логистикалык инфраструктура жана гидроэнергетика чөйрөлөрүндөгү артыкчылыктарын белгиледи.

Бул контекстте биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө өз ара пайдалуу кызматташуунун учурдагы перскпективалары, анын ичинде кайра жаралуучу энергияны өндүрүү боюнча чет өлкөлүк инвестициялар үчүн жагымдуу тармак катары өлкөнүн олуттуу гидроэнергетикалык потенциалы өзгөчө баса белгиленди.

Аймактык транспорттук коридорлорду өнүктүрүү жөнүндө айтып жатып, Жээнбек Кулубаев кесиптештерине Кыргызстандын министрлер кабинети тарабынан өлкөнүн транспорттук артерияларын модернизациялоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат берди. Ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнүн соода жана бажы процедураларын дүйнөлүк стандарттар менен синхрондоштуруу үчүн санариптештирүү зарылдыгын да белгиледи.

Климаттык өзгөрүүлөр маселелерин талкуулоонун алкагында Жээнбек Кулубаев глобалдык жылуулуктун тоо мөңгүлөрүнүн интенсивдүү эришине тийгизген терс таасирин, бул да болсо Борбор Азиянын бүткүл регионуна экологиялык жана азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч болорун баса белгиледи.

Регионалдык коопсуздуктун башка факторлорунун катарында кыргыз тарап коңшулаш Афганистанда тынчтыкты жана бакубаттуулукту орнотууга кызыкдар экендигин жана бул өлкөнүн өнүгүүсүн колдоо боюнча биргелешкен аракеттерди жандандыруу зарылдыгын билдирди.

Сөзүнүн аягында Жээнбек Кулубаев бул иш-чара Борбор Азия өлкөлөрү менен Италиянын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн реалдуу практикалык натыйжаларды берерине ишенимин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий