• 87.7
  • 95.07
  • 0.97

КР ТИМ башчысы Япония ТИМнин Борбор Азия өлкөлөрү боюнча атайын өкүлүн кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 29.01.24. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министри Жээнюек Кулубаев Япониянын Тышкы иштер министрлигинин Борбор Азия өлкөлөрү боюнча атайын өкүлү, элчи Масаки Икегамини кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-япон мамилелерин мындан ары кеңейтүү жана тереңдетүү, анын ичинде саясий, соода жана инвестициялык чөйрөлөрдүн учурдагы абалын жана келечегин кылдат карап чыгышты.

Министр Кулубаев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун 2023-жылдын 17-20-ноябрында Японияга болгон расмий сапарынын жыйынтыктары боюнча макулдашууларды пландуу ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Масаки Икегами япон тараптын мындан ары саясий байланыштарды чыңдоого, соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүүгө даярдыгын билдирди.

Маектештер ошондой эле "Борбордук Азия+Япония" Диалогунун алкагында боло турган иш-чаралар боюнча пикир алмашышты.

Пикир

Оставить комментарий