• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Бишкекте Кыргызстандын ТИМ башчысы менен Европа биримдигинин жогорку өкүлү жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 03.08.24. /Кабар/. Бүгүн, 3-августта Бишкек шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Европа биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү - Европа комиссиясынын вице-президенти Жозеп Боррелдин эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Европа биримдиги менен Кыргызстандын ортосундагы саясий, экономикалык жана маданий алакаларды бекемдөө маселелерин талкуулады. Айрыкча Европа Биримдиги менен Борбордук Азиянын ортосундагы байланышты тереңдетүү боюнча Жол картасын ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле тараптар регионалдык коопсуздук, климаттын өзгөрүшү жана аймакты өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди колдоо маселелерин талкуулашты.

Министр Жээнбек Кулубаев үзгүлтүксүз байланыштар эки тараптуу кызматташууну кеңейтүү жана бекемдөө жаатындагы жалпы умтулууну чагылдырарын белгилеп, Кыргызстан транспорт, гидроэнергетика, маанилүү минералдар жана башка тармактардагы ири долбоорлорду ишке ашыруу үчүн европалык технологиялар жана инвестицияларга муктаж экенин кошумчалады.

Өз кезегинде Жозеп Боррель кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюлганын баса белгилеп, Европа биримдиги Кыргызстан менен экономикалык, соода, ошондой эле туруктуу өнүгүү жана адам укуктары жаатындагы кызматташтыкты күчөтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Жолугушуу Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы кызматташтыктын активдүү деңгээлине ылайык, достук жана өз ара урматтоо маанайында өттү.

Пикир

Оставить комментарий