КР ТИМ башчысы менен Малайзиянын инвестициялар министри жолукту. Эмнени талкуулашты?

Аймак 0

Бишкек, 01.04.24. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Малайзиянын инвестициялар, соода жана өнөр жай министри Зафрул Тенгку Абдул Азиз менен жолугушту.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу Кулубаевдин аталган өлкөгө болгон расмий сапарынын алкагында бүгүн, 1-апрелде өттү.

Талкуунун негизги темасы эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү болду. Тактап айтканда;

  • органикалык айыл чарба продукциясын экспорттоо,
  • инвестиция тартуу жана халал индустрия,
  • минералдык ресурстар,
  • туризм жана энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагында кызматташууну өнүктүрүү.

Тараптар Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди кеңейтүү боюнча биргелешкен күч-аракеттердин маанилүүлүгүн, анын ичинде экономикалык кызматташтык чөйрөсүндө атайын кыргыз-малайзиялык биргелешкен комиссиянын ишин кайра жандандыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Министр Жээнбек Кулубаев учурда Кыргызстандын жетекчилиги астында жагымдуу инвестициялык климатты түзүү боюнча бардык мүмкүн болгон чаралар көрүлүп жатканын маалымдап, малайзиялык ири ишканаларды тартуу менен учурдагы АЭАлардын базасында Кыргызстандын аймагында инвестициялык аймактарды түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга малайзиялык тарапты чакырды.

Малайзиялык тарапка ошондой эле инвестициялык кызматташууга оң таасирин тийгизе турган жана эки өлкөнүн ортосундагы башка маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ача турган бир нече “пилоттук” инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушталды.

Соода-экономикалык чөйрөдө кызматташтыкты кеңейтүү жана эки өлкөнүн бизнес-коомчулугунун ортосунда байланыштарды түзүү максатында Кыргызстанда, Малайзияда да өткөн ири бизнес-форумдарга жана көргөзмөлөргө мамлекеттик жана жеке структуралардын өкүлдөрүнүн катышуусунун маанилүүлүгү белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий