• 86.8
  • 91.17
  • 0.82

КР ТИМ башчысы Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 01.11.23. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тараптардын жолугушуусу "Борбордук Азия - Корея Республикасы" 16-форумуна катышуунун алкагында бүгүн Ашхабадда өткөн.

Кыргызстандын Тышкы иштер ведомствосунун башчысы Түркмөнстандын башчысы менен кыргыз-түркмөн кызматташтыгынын ар түрдүү тармактардагы аракеттенүүнүн негизги маселелерин талкуулады.

Жолугушуунун жүрүшүндө түркмөн лидери соода-экономика, инвестиция жана маданий-гуманитардык чөйрөдө эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсүнө жеке колдоосун көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий