• 88.68
  • 95
  • 0.95

КР ТИМ башчысы жана ЕБнын БА боюнча атайын өкүлү кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 24.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 24-февралда КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Европа Биримдигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Тери Хакала менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы өнөктөштүктү жана кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө өз ара даярдыгын ырасташты.

Долбоордук жана программалык кызматташууну жана биргелешкен демилгелерди камтыган түрдүү тармактарда эки тараптуу кызматташуунун келечеги талкууланды. Кыргыз Республикасы – Европа Биримдиги жана Борбордук Азия – Европа Биримдиги деңгээлинде иш-чараларды уюштуруу боюнча практикалык кадамдарды иштеп чыгуу боюнча макулдашууларга жетишилди. Жогорку деңгээлдеги сапарды даярдоого жана Кеӊейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюуга өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар ошондой эле эл аралык күн тартиби, анын ичинде Украинанын айланасындагы кырдаал, Казакстандагы окуялар жана аймактагы башка саясий жана коопсуздук маселелери боюнча пикир алышты.

Министр Р.Казакбаев атайын өкүл Т.Хакалага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Украинанын айланасындагы кырдаал боюнча билдирүүсү тууралуу маалымат берди, анда түзүлгөн кырдаалды тынчтык, дипломатиялык жол менен гана чечүү зарылчылыгы белгиленген.

Ушуга байланыштуу бүгүнкү окуяларды эскеалуу менен биз тезирээк деэскалацияны, чыр-чатакты тынчтык жолу менен жөнгө салуунун жолдорун издөөнү кайра баштоону жана чыр-чатакты сүйлөшүүлөр аркылуу, саясий-дипломатиялык жол менен гана чечүүнүн зарылдыгын жактай тургандыгыбыз белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий