• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

КР ТИМ башчысынын орун басары Бенин элчисинин ишеним грамотасынын көчүрмөсүн кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 28.03.23. /Кабар/. Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Москва шаарында жайгашкан Бенин Республикасынын КРдагы жаңы дайындалган элчиси Акамби Андре Окулола-Биаунын ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн эл аралык уюмдардын алкагындагы тыгыз кызматташуусун канааттануу менен белгилешип, мамилелерди мындан ары өнүктүрүү максатында жакынкы мезгилде эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин ортосунда саясий кеңешмелерди өткөрүүнүн жана укуктук келишим базаны кеңейтүүнүн зарылдыгын белгилешти.

Жолугушуунун соңунда тараптар сүйлөшүүдө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу үчүн, биргелешкен аракеттерди жумшоону жана дайым байланышта болууну макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий