• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

КР ТИМ башчысынын орун басары Пакистандын элчисин дипмиссиясы аяктаганына байланыштуу кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 08.06.22. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев дипломатиялык миссиясы аяктагандыгына байланыштуу Пакистандын Кыргызстандагы элчиси Сардар Азхар Тарик Ханды кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Артыкбаев элчиге Пакистан менен саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну күчөтүүгө, анын ичинде эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган бир нече биргелешкен иш-чараларды өткөрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде элчи Пакистан эки тараптуу кызматташуунун бардык тармактарында, анын ичинде пакистадыкн студенттердин КРнын жогорку окуу жайларында окутуу жаатында, ошондой эле Кыргызстан менен эл аралык жана аймактык диалог аянтчаларынын алкагында жогорку деңгээлдеги өз ара аракеттенүүнү колдоону уланта берерин белгиледи.

Жолугушуунун соңунда министрдин орун басары элчинин дипломатиялык ишмердүүлүгүнө ийгиликктерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий