Бишкек, 07.07.21. /Кабар/. Кечээ, 6-июлда Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиевдин Түркмөнстандын Кыргызстандагы элчиси Шадурды Мередов менен жолугушуусу болду. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, тараптар 2021-жылдын 27-28-июнунда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга болгон расмий сапарынын алкагында эң жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.
Н.Ниязалиев жана Ш.Мередов аталган сапар стратегиялык өнөктөштүктө негизделген кыргыз-түркмөн мамилелеринин өнүгүүсүндө дагы бир тарыхый этабы болуп калгандыгы жөнүндө бир пикирде болушту.
Тараптар соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү, инфратүзүмдүк долбоорлорду, анын ичинде соода, инвестиция, энергоресурстарды жеткирүүнү ишке ашыруу маселелерин карап чыгышты.
Жогорку жана эң жогорку деңгээлде өтө турган эки тараптуу жана көп тараптуу иш-чараларды даярдоого жана өткөрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Пикир
Оставить комментарий