Кыргызстан менен Польшанын билим берүү тармактарындагы кызматташтыкты өнүктүрүү талкууланды

Коом 0

Бишкек, 09.04.22. /Кабар/. Кечээ, 8-апрелде КР Тышкы иштер министрлигинин Үчүнчү саясий департаментинин директорунун орун басары Руслан Бекболотов резинденциясы Нур-Султан шаарында жайгашкан Польшанын Кыргызстандагы элчисинин орун басары Томаш Коллат менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда дипломаттар 2022-жылы Кыргызстан менен Польшанын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл болгонун белгилеп, бул окуянын алкагында тараптар 2022-жылдын биринчи жарымында ЕККУнун учурдагы төрагасы, Польшанын тышкы иштер министри Збигнев Раунун Кыргызстанга сапарын уюштуруу, ал эми 2022-жылдын экинчи жарымында - КР министрлер кабинетинин төрагасынын Польшага сапарын Экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-поляк өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйыны менен айкалыштыруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Ошондой эле Р.Бекболотов менен Томаш Коллат билим берүү тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, анын ичинде Кыргызстандын студенттерин стипендия менен камсыз кылуу боюнча мүмкүн болуучу программаларды жана мамлекеттик кызматкерлер үчүн курстарды жана стажировкаларды талкуулашты.

Тараптар эки тараптуу күн тартибиндеги бардык пайда болгон маселелерди ыкчам талкуулоо үчүн туруктуу иш байланышта болууну макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий