• 87
  • 90.41
  • 0.84

Татарстандагы кыргызстандыктардын арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө - ТИМ

Коом 0

Бишкек, 23.12.24. /Кабар/. 21-декабрда эртең менен Татарстандын борборуна учкучсуз учуучу аппараттардан чабуул жасалган. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, чабуул негизинен Казандагы жарандык инфраструктуралык объектилерге багытталган.

"Расмий маалыматтар боюнча, 8 учкучсуз учак турак-жайларга жана өнөр жай ишканасына кол салган. Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар жана каза болгондор жок", - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын Башкы консулдугу кырдаалга мониторинг кылууну жана кыргызстандыктардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү улантууда.

Пикир

Оставить комментарий