• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР ТИМдин түзүлгөнүнө 80 жыл. ЖККУнун башкы катчысы куттуктоо катын жолдоду

Саясат 0

Бишкек, 26.03.24. /Кабар/. Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунун түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгына карата тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевге куттуктоо катын жолдоду.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Имангали Тасмагамбетовдун куттуктоосунда мындай деп айтылат:

«Сиз жетектеген ведомствонун бардык кызматкерлерин жана ардагерлерин ЖККУнун Катчылыгынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 80 жылдык мааракеси менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Кыргыз дипломаттары көп улуттуу Совет мамлекетинин тышкы байланыштарын чыңдоого зор салым кошуп, бүгүнкү күндө эгемендүү Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын ырааттуу коргоп, эл аралык аренада өлкөнүн аброюн чыңдоодо ийгиликтерге жетишип, өздөрүнүн тажрыйбасын, билимин жана жогорку кесипкөйлүгүн көрсөтүүдө.

Биз Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ЖККУнун беделин жана маанисин чыңдоого, Евразия мейкиндигинде коопсуздукту камсыз кылуунун натыйжалуу куралы катары биздин Уюмду өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымын жогору баалайбыз.

Сизге, урматтуу Жээнбек Молдоканович жана Кыргыз Республикасынын бүткүл дипломатиялык корпусуна чың ден соолук, бакубатчылык жана өлкөнүн тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарын эл аралык аренада илгерилетүүдө мындан аркы ийгиликтерди каалайм!».

Пикир

Оставить комментарий