• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Тышкы иштер министрлигинин коллегиясынын кезектеги отуруму өттү

Коом 0

Бишкек, 25.10.24. /Кабар/. Бүгүн КыргызстандынТышкы иштер министрлигинде коллегиянын кезектеги отуруму өттү. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Маалыматка ылайык, отурумдун жүрүшүндө министр Жээнбек Кулубаевдин төрагалыгында өлкөнүн көп векторлуу тышкы саясатын ишке ашыруудагы актуалдуу маселелер, анын ичинде 2025-жылы Кыргызстандын Жамааттык коопсуздук келишим уюмуда жана Түрк мамлекеттери уюмундагы боло турган төрагалыгынын приоритеттүү багыттары талкууланып, даярдык көрүү иш-чараларына өзгөчө көңүл бурулду.

Мындан тышкары, коллегиянын мүчөлөрү Кыргызстанды талапкерлигин эл аралык уюмдардын алкагында алдыга жылдыруу маселесин карашты.

Отурумдун жыйынтыгы боюнча коллегиянын төрагасы - министр Жээнбек Кулубаев тарабынан бир катар тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий