• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

"КР Тышкы иштер министрлигине 80 жыл" почта маркасы чыгарылды

Коом 0

Бишкек, 28.02.24. /Кабар/. Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов «Укрпошта» акционердик коомунун өкүлдөрү менен жолугушту.

КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун алкагында жаңы чыгарылган “Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине 80 жыл” почта маркасынын бет ачары болду.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө «Укрпошта» акционердик коомунун жетекчилиги менен кыргызстандык коллегалары ортосундагы кызматташуу маселелери талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий