• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Улуттук банк жана ЕРӨБ ишкер айымдардын финансылык жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү меморандумуна кол койду

Экономика 0

Бишкек, 28.10.24. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасы Мелис Тургунбаев ЕРӨБдүн саясий кызматташуу жана өнөктөштүк боюнча вице-президенти Марк Боуман менен Кыргызстандагы ишкер айымдарды каржылоо программасын ишке ашырууда кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга расмий кол коюшту.

Улуттук банктан билдиришкендей, меморандумга ЭВФтин жана Дүйнөлүк банк тобунун жылдык жыйынынын алкагында кол коюлду.

Меморандум ишкер айымдардын финансылык жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө, ишкер айымдарды лидерликке шыктандырып, экономикалык интеграцияга жетишүүгө өбөлгө түзүүчү финансылык экосистеманы түзүүгө багытталат.

Марк Боуман белгилегендей, КР Улуттук банкынын мындай кадамы аялдардын инклюзивдүү өсүүсүнө, алардын финансылык укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт түзөрүн тастыктайт.

Мелис Тургунбаев өз кезегинде бул меморандумдун маанилүүлүгүн белгилеп, кыз-келиндер жетектеген ишканаларды каржылоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү өлкөнүн экономикалык өнүгүшү үчүн гана эмес, адилеттүү коом түзүү үчүн да маанилүү экендигин кошумчалады.

"Меморандумга кол коюу айымдардын өз потенциалын ишке ашырууга дем берүү менен жаңы мүмкүнчүлүктөргө жана демилгелерге жол ачат деген ишенимдебиз», – деп КР Улуттук банкынын төрагасы белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий