• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

КР чек арачылары тажикстандык аскерлердин Достук айылына минометтук чабуулун басышты

Кырсык 0

Бшкек, 17.09.22. /Кабар/. 17-сентябрь саат 11:30да КР УКМКнын Чек ара кызматынын бөлүмдөрү Тажикстандын аскер кызматкерлеринин Достук айылына минометтук чабуулун басышты. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, андан кийин саат 12:30дан 12:35ке чейин тажик тарап Баткен районунун Төрт-Көчө аймагында Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин позицияларын жана бөлүктөрүн аткылашты.

"Учурда атышуу токтотулду. Окуя боюнча иликтөө иштери башталды", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий