КР УКМК Көлбаевдин иши боюнча казакстандык ишкерге издөө жарыялады

Коом 0

Бишкек, 05.06.24. /Кабар/. Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобун каржылоого байланыштуу казакстандык ишкер жана "Вертекс Голд" компаниясынын ээси Жуманбаев Владимир Викторовичке издөө жарыяланды. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Кыргызстандын атайын кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын негизинде, "Братский круг" эл аралык кылмыштуу тобуна кирген "мыйзамдагы ууру" К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун ишин Казакстандын ири бизнесмендеринин бири - Жуманбаев Владимир Викторович тарабынан каржылоо фактылары аныкталды.

Тактап айтканда, В.Жуманбаев К.Асанбектин мыйзамсыз иш-аракеттерин, тагыраагы рэкетчилик жолу аркылуу опузалап акча алуу, кылмыштуу шериктештиктин курамындагы ишкерлерден акча каражаттарын чогултуу, ошондой эле "адам өлтүрүү", "адам уурдоо" жана "кылмыштуу шериктикти (кылмыштуу уюмду) уюштуруу" беренелери боюнча оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн бир нече жолу соттуулугу бар экендиги жөнүндө билип туруп, КР аймагында колдоо алуу максатында биргелешкен бизнес долбоорлорду жүргүзүү үчүн, "Мыйзамдагы ууру" К.Асанбек менен байланыш түзгөн.

Тагыраагы, В. Жуманбаев КР аймагында алтын казып алуу, кендерди жана баалуу металлдарды байытуу менен алектенген "В.Г.К" ЖЧКсынын компаниясынын ээси болуп, 2021-2023-жылдар аралыгында алтын казуучу компаниянын жооптуу кызматкерлери анын көрсөтмөсү менен уюшкан кылмыштуу топтун ишин каржылоо катары К. Асанбекке ай сайын 1 млн сомдон которуп турушкан.

Ошол эле учурда В.Жуманбаев Ысык-Көл облусунда жайгашкан "Барс" эс алуу борборунун аймагында К.Асанбек менен бир нече жолу эс алуу жана жолугушууларды өткөрүп, ал жерге жеке учактары менен келген.

Белгилей кетсек, сотко чейинки өндүрүштү иликтөөнүн алкагында

"В.Г.К." ЖЧКсы тарабынан кирешелердин реалдуу көрсөткүчтөрүн жашыруу максатында КР мамлекеттик органдарына алтын кендерин казып алуу жөнүндө жалган отчеттук маалыматтарды киргизүү фактылары аныкталды. Мындай аракеттен улам, республикалык бюджетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Чогултулган материалдардын негизинде В.Жуманбаевге карата Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун токтому менен сыртынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып, кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн мамлекеттер аралык жана "Интерпол" улуттук борбордук бюросу тарабынан издөө жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий