• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

КР Улуттук банкы эсептик чен өлчөмүн 4,5%га чейин төмөндөттү

Экономика 0

Бишкек, 26.02.19. /Кабар/. КР Улуттук банкынын башкармалыгы 2019-жылдын 25-февралында эсептик чен өлчөмүн 25 базистик пунктка 4,5 пайызга чейин төмөндөтүүнү калтыруу чечимин кабыл алды. Чечим 26-февралдан тартып күчүнө кирет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Анын айтуусу боюнча, Кыргызстанда баа динамикасы төмөн бойдон калууда. Жыл башынан бери инфляция төмөнкү чекте сакталып туруу менен февраль айында терс жакка оогон.

“Февраль айында (15-февралга карата) жалпы баа деңгээли жылдык мааниде алганда 0,7 пайызга төмөндөгөн. Өсүш арымы орточо чекте кармалып турган алкоголь ичимдиктерин жана тамеки заттарын эске албаганда, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн дээрлик бардык тобу боюнча баанын төмөндөшү байкалган. Улуттук банк жыл акырында бир азга ыкчамдагандыгы менен жылдын биринчи жарымында инфляция динамикасы төмөн болушун болжолдоодо. 2019-жылы орточо алганда инфляция 3,0 пайызга жакын деңгээлде чектелип турушу күтүлүүдө”, - деди ал.

Улуттук банктын төрагасы белгилегендей, экономиканын негизги секторлорунда жигердүүлүк сакталууда.

“Ушул жылдын январь айында ички дүң өнүм 6,4 пайызды түзгөн, ал эми "Кумтөр" боюнча маалыматтарды эске албаганда 1,9% чегинде калыптанган. Өлкөгө акчалай которуулардын агылып кириши жана реалдуу эмгек акынын жогорулоосу ички суроо-талапты колдоого алууда (2018-жылы акча которуулардын таза агымы 5,5 пайызга, ал эми реалдуу эмгек акы 3,8 пайызга көбөйгөн)”, - деп кошумчалады ал.

Андан тышкары Абдыгулов, акча-кредит саясаты түрткү берип, өбөлгө түзүүчү мүнөздө улантылып, кредиттөө чөйрөсүн кеңейтүү, өлкөдө экономикалык жигердүүлүктү колдоого алып, ага дем берүү максатын көздөөдө, деди.

“Банк тутуму ири көлөмдө үстөк ликвиддүүлүккө ээ, ушундан улам Улуттук банк андан арылтуу операцияларын ишке ашырууда. Акча рыногунун кыска мөөнөттүк чендери Улуттук банк белгиленген чекте сакталууда. Банктар аралык кредит рыногунда катышуучулар санынын артышы сыяктуу эле, операциялар көлөмүнүн көбөйүүсү эсебинен жигердүүлүктүн күч алышы байкалууда. Банктар аралык акча рыногунун чендери менен эсептик чен ортосунда орун алган ажырым кыскарууда, бул албетте акча-кредит саясатынын экономикага таасирин күчөтүүгө өбөлгө түзөт”, - деп билдирди банктын башчысы.

Пикир

Оставить комментарий