• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

КР Улуттук банкы Кытайдын ири банктарынын бири менен меморандумга кол койду

Экономика 0

Бишкек, 20.10.23. /Кабар/. Пекин шаарында Кыргызстандын Улуттук банкы жана China Construction Bank Corporation ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Улуттук банктан билдиришкендей, кол коюу аземи Кытай өткөн “Бир алкак – бир жол” демилгесинин алкагында эл аралык кызматташуу боюнча саммит алдында болуп өттү.

Меморандумда Улуттук банк менен ССВ ортосунда банк чөйрөсүндө өз ара кызматташуу каралган, бул Кыргызстан жана Кытайдын финансы рынокторунун өнүгүүсүнө алгылыктуу таасирин тийгизет.

Меморандумга кол коюу иш-чарасына Улуттук банктын төрагасынын орун басары Заир Чокоев жана China Construction Bank Corporation банкынын вице-президенти Джихон катышты.

Маалымат үчүн: China Construction Bank Corporation банкы Кытайдын төрт ири мамлекеттик коммерциялык банктарынын бири болуп саналат жана дүйнөлүк ири финансылык институттар арасында активдер өлчөмү боюнча 2-орунду ээлейт. Аталган банктын активдери 4,7 трлн АКШ долларынан жогору.

Пикир

Оставить комментарий