Бишкек, 11.11.21. /Кабар/. Пандемия шарттары товарларды сатып алуу жана төлөө ыкмасын өзгөрттү десек болот, учурда керектөөчүлөр ыңгайлуу жана дароо төлөө ыкмасына көбүрөөк артыкчылык берүүдө.
Финансылык жөнгө салуучу органдын маалыматы боюнча, буга чейин төлөм системасынын катышуучуларынын жаңы төлөм системаларына инвестициялары ченемдик талаптарды сактоого багытталган болсо, азыр төлөм системаларынын натыйжалуу ишин камсыз кылуу үчүн чечимдер керектөөчүлөрдүн суроо-талабынын өзгөрүү динамикасына жана санариптик системада кардарларды тейлөө сапатына жараша кабыл алынууда.
Жаңы чечимдер жана санариптик төлөм технологияларын ишке киргизүү жалпы алганда, төлөм секторунун катышуучуларынан төлөм кызмат көрсөтүүлөр рыногунда атаандаштыкты жогорулатуу жана өз ишинин натыйжалуулугун арттыруу жолдорун издөөнү талап кылат, ал эми жөнгө салуучудан – тиешелүү ченемдик укуктук базаны, санариптик өз ара иш алып барууну өнүктүрүү, аны коопсуз, ишенимдүү жана натыйжалуу жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү талап кылат.
Санариптик төлөм технологияларын өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү, финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, санариптик төлөм технологиялары чөйрөсүндөгү артыкчылыктуу багыттарды аныктоо максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары – Улуттук банк) 2020-жылдын март айында Кыргыз Республикасында санариптик төлөм технологияларын 2020-2022-жылдары өнүктүрүү концепциясын кабыл алган.
Бул концепцияда Кыргызстанда 2020-2022-жылдарга карата санариптик төлөм технологияларын өнүктүрүүнүн негизги багыттары аныкталган жана бул макалада санариптик төлөм технологияларынын багыттары жана учурдагы жагдай жөнүндө маалымат камтылат.
1. Электрондук акча рыногун өнүктүрүү жана аралыктан идентификациялоо
Электрондук капчыктын жардамы менен нак акчаны, банктык эсепти колдонуусуз акчаларды которууга, ошондой эле которууларды алууга, товарлар жана кызматтар үчүн төлөөгө да болот. Капчыктар ортосундагы которуулар тез жана мобилдик телефондун жардамы менен ишке ашырылат.
Алсак, 2021-жылдын III чейрегинин акырына карата Кыргыз Республикасында жети коммерциялык банк электрондук акча эмитенти болуп саналган жана электрондук акча менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча тогуз локалдык система иш алып барган. Электрондук капчыктардын жалпы саны 4,4 миллионду түздү (өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көрсөткүч 40,8 пайызга өскөн).
Электрондук акчанын көрсөткүчтөрү 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу олуттуу өскөн:
- электрондук капчыктар ортосунда акча каражаттарын которуу боюнча операциялардын көлөмү 82,4 пайызга көбөйүп, 3,4 млрд сомду түзгөн, ал эми акча каражаттарын которуулардын саны 1,1 млн операциянын тегерегин түзүү менен 2,9 эсеге көбөйгөн;
- электрондук акчанын ордун жабуу (нак акчага айландыруу) операцияларынын көлөмү 57,0 пайызга көбөйүп, 8,5 млрд сомду түзгөн, мында операциялардын саны 2,5 эсе көбөйүп, 1,9 млн жакын операцияны түзгөн;
- товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө операцияларынын көлөмү 17,1 пайызга көбөйүп, 2,8 млрд сомду түзгөн, ал эми операциялардын саны 31,1 пайызга азайып, 3,1 млн операция чегинде катталган;
- электрондук акча эмиссиясы (чыгаруу) боюнча операциялардын көлөмү 39,0 пайызга көбөйүп, 11,2 млрд сомду түзгөн, ал эми операциялардын саны 46,3 пайызга азайып, 1,9 млн операцияны түзгөн.
Мындан тышкары, республикада агенттин мобилдик тиркемесинин (МПА) катталган колдонуучулары 2,3 млн жетет. Агенттердин мобилдик тиркемеси аркылуу нак эмес формада жүргүзүлгөн операциялардын саны 1 (бир) миллиондон ашык транзакцияны түзүп, 1,6 млрд сомдон ашык суммада операция ишке ашырылган.
Бул тенденция ошондой эле турмуш жагдайынан жана жаңы технологиялык мүмкүнчүлүктөрдөн улам, электрондук капчыктарды ачуу үчүн кардарларды жаңы ыкмалар менен, башкача айтканда, кардарларды аралыктан идентификациялоого уруксат берүү менен байланышкан.
Ошентип, 2020-жылдын 13-майынан тартып банктарга КР Улуттук банк Башкармасынын № 2020-П-12/27-1-(НПА) токтому менен бекитилген Кардарларды аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо тартибине ылайык, кардарларды аралыктан идентификациялоого уруксат берилген.
Электрондук капчыкты ачуу үчүн кардар банкты жана идентификациядан өтүү ыкмасын, б.а. сүрөт же видеосүрөт аркылуу өтүүнү тандашы керек.
2020-жылдын 27-майынан тартып агенттин мобилдик тиркемеси аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн төлөм уюмдарына кардарды төлөм уюмунда жеке катыштырып идентификациялоого жана сүрөттөрдү жана видеосүрөттөрдү салыштырып текшерүү аркылуу аралыктан идентификациялоого уруксат берилген.
Аралыктан идентификациялоо ыкмасы КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-2-(ПС) токтому менен бекитилген жана Улуттук банк Башкармасынын № 2020-П-14/31-7-(ПС) токтому менен өзгөртүүлөр киргизилген «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобого карата 2-тиркемеде белгиленген Тартипке ылайык жүргүзүлөт.
2. Байланышсыз төлөм технологияларын өнүктүрүү
Бүгүнкү күндө технологиялар бир ордунда тура бербейт. Товарларга жана кызматтарга төлөө чөйрөсү да жаңы технологиялардын таасири астында өзгөрүүлөргө дуушар болуп, рыноктун катышуучулары тарабынан төлөмдөрдү жүргүзүүнүн инновациялык ыкмалары иштелип чыгууда. Жарандар COVID-19 пандемиясына жана киргизилген чектөө чараларына байланыштуу онлайн-төлөмдөрдү аралыктан жүргүзүүгө жана анын инновациялык ыкмаларын колдонууга өзгөчө муктаж болушту.
Бүткүл дүйнөдөгүдөй эле, Кыргыз Республикасында да аралыктан байланышсыз төлөм жүргүзүү инструменттери, анын ичинде байланышсыз банктык карттар жана QR-коддор (эки өлчөмдүү штрих-коддор) өнүгүп жаткан кези. Аралыктан сунушталуучу кызматтарга суроо-талаптын өсүшүнөн улам, алардын көлөмү жана транзакциялардын саны акырындык менен өсүп жаткандыгы байкалууда.
Кыргыз Республикасында көпчүлүк коммерциялык банктар «Элкарт» улуттук төлөм системасынын карттарын байланышсыз төлөм технологиясы менен чыгарат (Элкарт NFC/Элкарт Байланышсыз). «Элкарт Байланышсыз» карттарынын ээлери аларды Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары «Мир» төлөм системасынын (Россия) түйүндөрүндө жана «Мир» төлөм системасынын өнөктөшү болгон төлөм системаларында: Беларусь Республикасында жана Армян Республикасында колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
2021-жылдын 1-октябрына карата жүгүртүүдө 2 млн ашык «Элкарт» карттары, анын ичинде 59 миңден ашык «Элкарт NFC»/«Элкарт Байланышсыз» карттары бар.
Өлкөбүздө байланышсыз карттар менен катар QR-коддорду колдонуу менен жүргүзүлгөн төлөмдөр өнүгүп жатат. «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК «Элкарт» улуттук төлөм системасынын оператору катары («Элкарт Мобайл» мобилдик тиркемесин иштеп чыгуучу) колдонуучуларга QR-кодун колдонуу менен акча которууларды жөнөтүү жана алуу мүмкүнчүлүгүн түзүп берди.
Мындан тышкары, чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү үчүн соода түйүндөрүнө мобилдик телефон аркылуу накталай эмес формада төлөмдөрдү кабыл алууга мүмкүндүк берген «Элкарт Трейд» мобилдик тиркемеси иштелип чыккан. Кызматты ийгиликтүү колдонуу үчүн кайсы гана банкта болбосун чыгарылган «Элкарт» улуттук төлөм карты, ошондой эле Android операциялык системасынын негизиндеги телефон керек. Эч кандай кошумча аппараттык же программалык камсыздоо талап кылынбайт. Төлөмдү кабыл алуу үчүн QR-кодун көрүнүктүү жерге жайгаштыруу же каалаган ыңгайлуу байланыш каналы (мессенджерлер/социалдык тармактар ж.б.) аркылуу төлөм шилтемесин жөнөтүү зарыл, бул сатып алуучуларга сатуучунун маалыматтарын киргизбөөгө жана байланышсыз төлөмдөрдү оңой жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Бардык төлөмдөр онлайн режиминде (24/7/365) жүргүзүлөт жана соода түйүнүнүн ээси кабыл алынган төлөмдөрдүн абалын көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ.
QR-коддорун колдонуу менен төлөмдөрдү иштеп чыгуу үчүн бирдиктүү платформаны түзүү жана системалар аралык шайкештикти камсыздоо максатында, «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК өз ара аракеттенүү оператору катары иш алып барат.
3. ЕАЭБ алкагында улуттук төлөм системаларын интеграциялоо
Тажрыйба көрсөткөндөй, азыркы учурда барган сайын көп адамдар карттан картка, электрондук капчыктан электрондук капчыкка заматта акча которуу, QR-кодун колдонуу менен төлөмдөрдү жүргүзүү ж.б. кызматтарын колдонуп жатышат. Бирок мындай опцияны камсыз кылган системалар жабык болуп саналат жана бул кызматты системанын ички катышуучулары үчүн системанын ичинде гана көрсөтө алат. Ушуга байланыштуу рыноктун айрым катышуучуларын бирдиктүү төлөм мейкиндигине бириктире турган интеграциялоочу платформаны же «бирдиктүү интеграторду» түзүү зарылчылыгы келип чыгууда.
2020-жылдын июнь айында «Мир» (Россия Федерациясы) улуттук төлөм карттар системасынын карттарынан (мындан ары – «Мир» төлөм системасы) «Элкарт» (Кыргыз Республикасы) улуттук төлөм системасынын карттарына (мындан ары – «Элкарт» төлөм системасы) P2P-которуу долбоору ишке ашырылган.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктардын олуттуу бөлүгү аралыкта орнотулган жабдууларында россиялык «Мир» төлөм системасынын картын тейлейт жана 543 млн сомдон ашык суммада 96 520 P2P-которуу операциялары ишке ашырылган.
4. Санариптик (виртуалдык) активдердин (криптовалюталардын) жүгүртүлүшүнө байланыштуу иштерди жөнгө салуу
Криптовалюта рыногун жөнгө салуу тажрыйбасы ар башка өлкөдө бири-биринен айырмаланат. Мисалы, Беларусь Республикасында криптовалютага ээлик кылган юридикалык жактардын жана жеке адамдардын укуктары мыйзамдуу жөнгө салынып, бул чөйрөнү өнүктүрүү боюнча негизги институт – Жогорку технологиялар паркы аныкталган. Жогорку технологиялар паркы криптоэкономика субъектилерине карата жөнгө салуучу ченемдерди жана талаптарды иштеп чыгуу жана кабыл алуу укугуна ээ.
Швейцарияда мыйзамдар негизинен технологиялык бейтараптуулук принцибине негизделген. Криптовалюталар расмий укуктук статуска ээ эмес. Алар Швейцариянын Федералдык кеңешинин отчетуна ылайык, актив катары каралат жана бухгалтердик документтерде тиешелүү түрдө чагылдырылат.
Японияда өлкөнүн парламенти тарабынан буга чейин кабыл алынган валюталык жөнгө салуу жөнүндө мыйзамга ылайык, криптовалюта төлөм каражаты статусун алган. Ошол эле учурда, документтин өзүндө ал валютанын функциясын аткарат, ал эми расмий акча бирдиги болуп япон иени саналат деп жазылган.
Виртуалдык активдерди улуттук валютага сатып алуу-сатуу боюнча ишти мыйзам аркылуу жөнгө салуу үчүн КР Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын «Виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү иш жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыкты.
Бул долбоорду ишке ашыруу виртуалдык активдер рыногун укуктук талаада өнүктүрүү, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана ФАТФнын сунуш-көрсөтмөлөрүн аткаруу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.
Жыйынтыгында, бүгүнкү күндө санариптик чөйрөнүн тез өнүгүшү шартында банк менен төлөм системасы үчүн актуалдуу болуп, санариптик трансформацияны жана инновацияларды киргизүү маселеси санала тургандыгын белгилейбиз, мындай актуалдуу маселелер дүйнө жүзүнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө болуп жаткан ушул сыяктуу санариптештирүү жана төртүнчү өнөр жай революциясынын процесстери менен шартталган.
Банктык төлөм кызматтарын аралыктан/дистанциялык, контактсыз, P2P которуу ж.б. ыкмада көрсөтүү жана сунуштоо - бул учур талабынан жана жашоо шартынан улам келип чыккан зарылчылык болуп саналат.
Пикир
Оставить комментарий