• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

“КР Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө” мыйзамга кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 25.04.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “КР Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө” КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2023-жылдын 27-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Бул Мыйзамдын максаты мамлекеттик үлүшкө катышкан чарбакер коомдорду башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле мамлекеттик үлүшкө катышкан чарбакер коомдордун наркынын туруктуу өсүшүн камсыз кылуу жана капиталдын жергиликтүү жана эл аралык рыногуна чыгуу жолу менен инвестицияларды тартуу болуп саналат.

Мыйзам КР Улуттук инвестициялык фондунун (мындан ары - Фонд) максаттарын жана милдеттерин, укуктук статусун, анын ишин жөнгө салуунун тартибин, Фонддун жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өз ара аракеттенүү тартибин, ошондой эле Фонддун жана акциялары Фонддун ишенимдүү башкаруусуна таандык болгон же өткөрүлүп берилген юридикалык жактардын укуктук абалынын башка өзгөчөлүктөрүн аныктайт.

Мыйзамда Фонддун капиталы Фонддун акцияларын чыгаруунун жана жайгаштыруунун натыйжасында Министрлер кабинети тарабынан түзүлөт. Фонддун акциялары аларды жайгаштыруунун жүрүшүндө Фонддун жогорку башкаруу органынын чечими менен бекитилген тартипте жана шарттарда төлөнөт.

Фонддун жайгаштырылуучу акцияларына акы төлөө башка чарбалык жана/же акционердик коомдордогу акциялар (катышуу үлүштөрү), мүлктүк комплекстер жана мамлекетке таандык башка мүлктөр менен жүргүзүлүшү мүмкүн. Фонддун жайгаштырылуучу акцияларына акы төлөө эсебине өткөрүлүп берилүүчү мамлекеттик менчик объекттерин, анын ичинде стратегиялык объекттерди пайдалануу жөнүндө чечим Министрлер кабинети тарабынан кабыл алынат.

Фонддун өнүктүрүү стартегиясына ылайык Фонд жана анын туунду компаниялары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик программаларын ишке ашырууга катыша алат.

Фонддун жана анын туунду компанияларынын долбоорлорго катышуусу социалдык маанилүү болгон товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү кайра өндүрүүдө же алардын иш чөйрөлөрүн өнүктүрүүдө жагымдуу рыноктук шарттарды түзүү менен коштолушу мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий