• 87
  • 90.41
  • 0.84

КР жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму кызматташтык маселелерин жана анын келечектүү багыттарын талкуулашты

Коом 0

Бишкек, 25.12.19. /Кабар/. Кечээ, 24-декабрда КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) өлкөлүк кеңсесинин жетекчиси Назира Артыкова менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстандын эли үчүн денисак келечек курууга багытталган ырааттуу саясат жүргүзүү максатында тараптар Кыргызстан менен ДСУнун кызматташтык маселелерин жана өз ара аракеттенүүсүнүн келечектүү багыттарын талкуулашты.

ВИЧ/СПИД, кургак учук, эненин жана баланын ден соолугун коргоо жана жугуштуу эмес оорулардын коркунучу сыяктуу приоритеттүү көйгөйлөргө багытталган саламаттык сактоонун деңгээлин көтөрүүдө Кыргыз Республикасына колдоо көрсөткөндүгү үчүн министр ДСУга ыраазычылык билдирди. ДСУнун колдоосунда иштелип чыккан 2019-2030-жылдарга КР Өкмөтүнүн «Денисак адам – бакубат өлкө» Программасын жемиштүү кызматташуунун үлгүсү катары белгиледи.

Өз кезегинде, Н.Артыкова Ч.Айдарбековго ушул жылдын октябрь айында Женевада ДСУнун Башкы директору Т.Гебрейесус менен болгон жолугушуусу үчүн ыраазычылык билдирди, бул жолугушуу мындан аркы өз ара аракеттенүүгө позитивдүү импульс берген. Бир канча долбоорлор, анын ичинде, Кыргызстандагы лабораториялардын абалын жакшыртуу боюнча 77 миллион АКШ доллар суммасындагы Макулдашууга кол коюлгандыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий