• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

КР жана РФнын Эриш-аркак жылы – эки өлкөнүн шериктештигин бекемдөөгө дагы бир кадам

Коом 0

Күн мурун, 28-февралда Москвадагы Мамлекеттик Кремль сарайында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Эриш-аркак жылынын ачылыш аземи эки мамлекет башчыларынын катышуусунда өттү.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан менен Россиянын Эриш-аркак жылынын ачылышы элдердин мындан да жакын болууга умтулуунун белгиси болуп саналаарын белгиледи.

Өлкө башчысы Кыргызстан Россия менен болгон жалпы тарыхка сый-урмат менен мамиле кылаарын өзгөчө белгиледи.

"Эриш-аркак жылы – эки өлкө үчүн маанилүү окуя. Мурун тактап айтканда, Советтер союзунда ушун сымал окуялар үзгүлтүксүз өткөрүлүп келген. Бирок, эгемендик алгандан тарта мындай иштер Советтер союзунун курамында болгон өлкөлөр арасында биринчи жолу Кыргызстан менен Россиянын ортосунда өтүүдө. Баса белгилеп кетчү жагдай, 2020-жыл Кыргызстандын өнүгүшүнө чоң түрткү берет. Баарыбыз билгендей былтыр өлкөдө ШКУ саммити жогорку деңгээлде өттү. Ал дагы өлкөнүн өнүгүшүнө жакшы түрткү берди", - дейт Стратегиялык изилдөөлөр борборунун (Москва шаары) аналитиги Павел Дементьев.

Анын айтымында, Кыргызстан Россия үчүн ар дайым стратегиялык жактан чоң мааниге ээ болгон.

"Эриш-аркак жылынын алкагында өтүүчү иш-чаралардын басымдуу бөлүгү соода-экономикалык мамилелердин дараметин өнүктүрүүгө багытталган. Албетте, бир топ маданий-гуманитардык иш-чаралар да өткөрүлөт. Ошондуктан, Эриш-аркак жылы КР менен РФнын эки тараптуу мамилелеринин тарыхындагы өзгөчө маанилүү окуя болуп саналат", - деди ал.

Белгилей кетсек, президент кыргыз эли мындан бир жарым кылым мурда эле өнүгүүнүн мүмкүн болгон жолдорунун ичинен Россия эли менен бирге тагдырлаш болууну тандап алганын айтат.

"Тарых көрсөткөндөй, бул туура кадам болгон. Биз бүгүн мындай чечимди кабыл алган ата-бабаларыбыздын кыраакылыгына жана көрөгөчтүгүнө таазим кылабыз. Кыргызстандын Советтер союзунун курамында болгон жетимиш жыл ичиндеги мезгилде билим берүү, илим, маданият жана өнөр жай тармактары болуп көрбөгөндөй өнүккөнү талашсыз факт. Кыргыз Республикасы эгемендүү мамлекет болгонуна дээрлик отуз жыл толду, бирок эки элдин маданий, руханий, боордоштук мамилелери ажырагыс бойдон калды. Постсоветтик тарыхтан кийин ар кандай оош-кыйыштар болгонуна карабастан, биз Россия менен бир тууган, достук мамиледеги өлкө боюнча калдык. Эки өлкөнүн ортосундагы тыгыз карым-катнаштар мамлекеттер аралык гана мамилелерде болбостон, ошондой эле эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы жакындык, достук жана боордоштук мамилелери абдан кубандырат", — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээбеков кошумчалагандай, биз кылымдардан бери келаткан жалпы маданий-руханий баалуулуктарыбызды биргеликте сактай алдык.

"Кыргызстанда орус тили расмий тил гана эмес, улуттар ортосундагы баарлашуунун тили, бул эки элди мындан дагы да жакындатат", - дейт Жээнбеков.

Кыргызстандын Россиядагы жана Россиянын Кыргызстандагы Эриш-аркак жылынын алкагында өтө турган бир топ иш-чаралар эки өлкөнүн ортосундагы өз ара кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүп жана бекемдөөгө чоң салымын кошот.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий