• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

КР жарандары Казакстанда жол кырсыгына кабылды, бир адам каза болуп, дагы бешөө жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 24.05.18 /Кабар/. Казакстандын Ак-Төбө облусунда КР жарандары жол кырсыгына кабылды. Анда бир адам каза болуп, бешөө жабыркаган. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, “Mercedes Е320” үлгүсүндөгү унаа 18-майда Актөбө облусундагы Жарсай-2 айылынын жанындагы Самара-Шымкент унаа жолунун 566-чакырымында кырсыкка кабылган.

Унааны 49 жаштагы КРнын Дж.Т. аттуу жараны башкарып бара жаткан.

КРнын Казакстандагы элчилигинин маалыматы боюнча, жол кырсыгында айдоочу каза болуп, анын сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилди.

Унаанын ичинде КРнын беш жараны болгон (үй-бүлө). 42 жаштагы үй-бүлө башчысы Б.Ж. медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин кое берилген. Анын жубайы 1982-жылкы И.Г. Ак-Төбө облустук оруканасынын жандандыруу бөлүмүндө, абалы оор.

Уулдары 2005-жылкы И.А., 2014-жылкы И.С., абалы туруктуу деп бааланууда. Дагы бир баласы 2012-жылкы М.Э. медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин кое берилген.

Элчилик маселени көзөмөлдөп, жабырлануучулар менен байланышта болууда.

Пикир

Оставить комментарий