• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

КР жарандарынын жеке маалыматтарын жасалмалоого шектүүлөр кармалды – УКМК

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.09.2024 /Кабар/. Кыргызстандын жарандарынын жеке маалыматтарын пайдалануу жана бажылык тазалоо үчүн документтерди жасалмалоо фактысы аныкталды. Бул туруалуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан Мамлекеттик бажы кызматы чөйрөсүндө укукка каршы ишмердүүлүккө бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө, КР жарандарынын жеке маалыматтарын колдонуу жана бажылык тазалоо үчүн документтерди жасалмалоо фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Б.Т.Д. аттуу жаран автотранспорт каражаттарын бажылык тазалоону жүргүзүү үчүн чет өлкөлүк жактарга Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортун көрсөтүп, кийин ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттогону аныкталган. Аталган кылмыш ишинин алкагында Кыргызстандын жарандарынын документтерин жасалмалоо жана жеке маалыматтарын пайдалануу фактысы боюнча тиешеси бар эки адам кармалып, камакка алынды.

Азыркы учурда УКМК иштин бардык жагдайларын жана Мамлекеттик бажы кызматынын кызмат адамдарынын ушундай эле мыйзамсыз фактыларга тиешеси бар экенин аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чараларын улантууда.

Пикир

Оставить комментарий