• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

КР Жаза аткаруу жана Кылмыш-жаза кодекстерине өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 06.08.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “КР айрым мыйзам актыларына (КР Жаза аткаруу кодексине, КР Кылмыш-жаза кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 12-июнунда КР Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты – Кыргыз Республикасынын жаранынын жазасын андан ары өтөө үчүн Кыргыз Республикасына өткөрүп берилүүгө болгон укугун ишке ашырууну камсыз кылуу, аларды өткөрүп берүү процессин тездетүү үчүн шарттарды түзүү жана Кыргыз Республикасынын соттолгон жарандарын өткөрүп берүүдө чет мамлекет тарабынан мүмкүн болгон баш тартууну азайтуу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий