КР “ЖККУ алкагында жашыруун маалыматты сактоону өз ара камсыз кылуу" Макулдашуусуна өзгөртүүлөрдү киргизүүнү ратификациялады

Президент 0

Бишкек, 26.03.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2012-жылдын 19-декабрында Москва шаарында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун алкагында жашыруун маалыматты сактоону өз ара камсыз кылуу тууралуу 2004-жылдын 18-июнундагы Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 15-февралында кабыл алынган.

Протокол Макулдашуунун жана юридикалык техниканын айрым позицияларын тактоого, ошондой эле Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна жана анын туруктуу түрдө иш алып барган жумушчу органдарына жашыруун маалыматты сактоо чөйрөсүндөгү укуктарды, милдеттерди жана жоопкерчиликтерди бекитүүгө багытталган.

Аталган Протоколду ратификациялоо зарылдыгы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин жашыруун маалыматты сактоону камсыздоо жаатында кызматташууну өнүктүрүүгө болгон өз ара умтулуусу менен түшүндүрүлөт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий