• 85.5
  • 93.62
  • 0.88

КРда бир жуманын ичинде 20 миңден ашуун жол эрежесин бузуу катталды

Коом 0

Бишкек, 13.08.18. /Кабар/. Кыргызстанда бир жуманын ичинде 20 миңден ашуун жол эрежесин бузуу катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 3-августтан 9-августка чейин ЖКККББнын кызматкерлери 21 миң 123 жол кыймылынын эрежелерин бузууну аныктаган.

Анын ичинен:

1 миң 623 айдоочу жол кыймылынын башка катышуучуларына тоскоолдук жараткан;

1 миң 881 айдоочу унаасын жарык берүүчү шаймандары иштебеген абалда айдаган;

634 айдоочу жол чырактын тыюу салынган белгисинен өтүп кеткен;

Коопсуздук курун тагынбай унаасын башкарып бараткан 5 миң 270 айдоочуга айып пул салынган;

Мас абалында 183 айдоочу кармалган;

Жол белгилеринин талаптарын аткарбагандыгы үчүн 3 миң 745 айдоочуга айып пул салынган;

Терезелери караңгылатылган унаа каражаттарын башкарып бара жаткан 110 айдоочу кармалган;

2 миң 850 айдоочу жогорку ылдамдыкта унаасын башкарган;

Андан сырткары 919 унаа каражаты атайын айып унаа токтотуучу жайына токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий