• 89.12
  • 95.1
  • 0.95

Кыргызстанда майыптыгы бар 198 миңге жакын адам бар. Ал калктын жалпы санынын 3% түзөт

Коом 0

Бишкек, 03.12.21. /Кабар/. Кыргызстанда 2021-жылдын 1-январына карата майыптыгы бар 198 миңге жакын адам же калктын жалпы санынын 3% түзгөн. Акыркы беш жылда алардын саны 10,5 пайызга көбөйдү.

Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, алардын жалпы санынан 165 миңден ашыгын чоң адамдар түзөт. Майыптыгы бар 18 жашка чейинки балдардын саны 32 миңден ашыгын же ушул курактагы балдардын жалпы санынын 1,3% түздү.

Пенсия жана майыптыгы боюнча жөлөкпул алган адамдардын эң көп саны Жалал-Абад (42 миңден ашык), Ош (37 миңден ашык) жана Чүй (32 миңге жакын) облустарына, эң азы – Ош шаарына (7 миңге жакын), Талас (9 миңден ашык) жана Нарын (12 миңден ашык) облустарына туура келди.

2020-жылы биринчи жолу майыптыгы бар деп табылган адамдардын ичинен эң чоң салыштырма салмакты II топтогу майыптарга 72 пайызга жакын (2016-жылы 69,5 пайыз), ал эми эң азы (13 пайызга жакын) I топтогу майыптарга ( 2016-жылы 11 пайыздан ашык) туура келген.

Калктын чоң адамдарынын арасында майып болуунун негизги себептери кан айлануу системасынын оорулары болуп саналат, 2020-жылы алардын үлүшү дээрлик 23 пайызды түздү, ал эми 2016-жылы - 21,5 пайызды түзгөн, зыяндуу шишиктердин үлүшү, тиешелүүлүгүнө жараша, 12,9 пайызды (2016-жылы 11 пайыз), жаракаттардан, уулануудан жана башка тышкы себептерден улам пайда болгон оорулар - 11 пайызга жакынды (2016-жылы 14 пайызга жакынды) түздү.

Акыркы жылдары республикада орточо эсеп менен жыл сайын дээрлик 4 миң балага биринчи жолу майыптуулук статусу ыйгарылды, алардын 44 пайыздан ашыгы кыздар болду.

2020-жылдын аягында республикада майыптыгы бар 18 жашка чейинки балдардын саны 33 миңге жакын болгон, бул 2016-жылга салыштырмалуу 11 пайызга көп. Шал оорусу (ШО) менен ооруган балдар жалпы майыптыгы бар балдардын санынын алтыдан бир бөлүгүн түзөт.

Балдардын майыптыгынын көбөйүшү негизинен балдар арасында аны аныктоонун жана диагностика коюунун жакшырышына байланыштуу. Энелердин ден соолугунун начардыгы, аз кандуулугу жана йоддун жетишсиздиги, энелердин кош бойлуу кезинде ооруларга (жатын ичиндеги инфекциялар, сасык тумоо ж.б.) чалдыгуусу, экологиялык шарттардын начардыгы да оорулуу жана алсыраган ара төрөлгөн ымыркайлардын өлүмүнө же майып болуп төрөлүшүнө алып келет.

Майыптыгы бар балдардын эң көп саны Жалал-Абад (7 миңден ашык), Ош (6 миңге жакын) жана Чүй (5 миңден ашык) облустарына туура келет.

2020-жылы республикада өзгөчө муктаждыктары бар балдар үчүн жалпы билим берүүчү 18 уюм (мектептер) иштеген, аларда майыптыгы бар 3,3 миң бала окуган, алардын саны 10 пайызды гана түзгөн.

КР Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин карамагында 17 үй-интернаты бар, анын ичинен жалпы типтеги 6 улгайган адамдар жана майыптыгы бар адамдар жана чоң адамдар үчүн 6 нейропсихиатриялык интернат үйү жана балдар үчүн 5 нейропсихиатриялык интернат үйлөрү бар. Учурда интернаттарда 2 миңден ашык адам жашаса, анын 393 мүмкүнчүлүгү чектелген балдар.

Акыркы беш жылда социалдык коргоого жумшалган чыгымдардын үлүшүнө мамлекеттик бюджеттен орточо эсеп менен 16 дан 20 пайызга чейин туура келген, ал эми социалдык коргоого жумшалуучу каражаттардын көлөмү жыл сайын көбөйгөн. 2020-жылы социалдык коргоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 2016-жылга салыштырмалуу 1,4 эсеге көбөйүп, 34 миллиард сомдон ашык каражатты түздү.

Эскерте кетсек, бүгүн, 3-декабрь - Майыптыгы бар жарандардын эл аралык күнү белгиленет.

Пикир

Оставить комментарий