Кримчөйрөдө "Алтуха" каймана ат менен таанымал Алтынбек Ибраимов кармалды - УКМК

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.01.21. /Кабар/. Бишкекте бүгүн, 13-январда кримчөйрөдө "Алтуха" каймана ат менен таанымал Алтынбек Ибраимов кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК уюшкан кылмыштуу топтордун (УКТ) ишмердүүлүгүнө каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Алтынбек Ибраимов аттуу УКТнын активдүү мүчөсүн кармады.

Ал Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесинин негизинде УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Алтынбек Ибраимовго карата кылмыш иштерине тиешеси барлыгы боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий