• 87
  • 90.59
  • 0.86

Криминал бар өлкө эч качан өнүкпөйт. Президент Бишкектеги СИЗОнун айланасындагы талкууларга карата комментарий берди

Президент 0


Жакында эле социалдык тармактарда абактагылар аёосуз сабалып, телефондорду алуу үчүн жашаган жерлери тинтүүгө алынганы, ал тургай 5 адам ур-токмоктон каза болуп калганы тууралуу маалыматтар тараган. Бул боюнча "Кабар" агенттиги иштин чоо-жайын президенттин өз оозунан угууну туура көрдү.

- Саламатсызбы, Садыр Нургожоевич! Сиз Россияда иш сапарыңыз менен жүргөндө Бишкектеги СИЗО жана абактарда атайын багыттагы кызматкерлер камактагыларды аёосуз сабап жатканы, телефондорду издеп тинтүү кылганын айтып, ал тургай 5 адам ур-токмоктон каза болуп калганын соцтармакта жазып чыккандар болду. Ушул маселе боюнча комментарий бересизби?

- Мен да интернет булактарынан окуп, дароо телефон аркылуу байланышсам эч кандай адам өлүмү болбоптур. Бул жалган маалымат экен. Бирок телефондорун алуу үчүн тинтүү жүргүзүшкөнү чындык. Бир эле түзөтүү колониясынан жети жүзгө жакын телефондор чыгыптыр. Мага видеолорун жиберишти. Эмне үчүн телефондорун алып жаткандарынын себеби, түрмөдө отуруп алышып сырттагы ишенчээк адамдарды алдап, акчаларын алып коюп жатышат.

Мамлекеттик кызматтагылар көп алданышат экен. Алыс барбай менин айлана чөйрөмдөгү алданып калгандардан мисал келтирейин. «Сизди президент баланча кечеге чакырды. Баарыбыз баланча суммадан акча чогултуп жатабыз, тез арада кошо кал» деп эркиндикте жүргөн жакындарын же тааныштарын жиберсе 30 миң, 50 миң сомдон бере салган мамлекеттик кызматкерлер бар.

Биринчи айымдын атын айтып, «Сени небересинин тушоо тоюна чакырып жатат, 30 миңден чогултуп жатабыз» десе 30 миң сом бере салган өзүбүздүн эле жакын тааныш эжебиз да бар. Анысынан да кечинде той көйнөгүн кийип алып, түнкү саат 10го чейин качан чакырат деп күтүп отурганычы. Күтө берип тажап, анан телефон чалса өчүк. Ошондо алдамчыларга туш болгонун түшүнүп атпайбы.

Мындай алданып калгандар миңдеп саналат. Жалаң түрмөдө отургандар телефон чалып, алдап жана коркуткандар болуп чыгып атат. Ошол үчүн телефондорун тазалап жатышат.

Ал эми баш ийбей, каршылык көрсөткөндөрдүн башынан сылабайт да. Тартип деген тартип. Мурдагы заман жок. Аны унутуш керек.

Криминал бар өлкө эч качан өнүкпөйт. Инвестор келбейт. Башка мамлекеттер ишенбейт. Ири долбоорлорго катышпайт. Кыскасы криминал башкарган коррупциялык өлкөлөр эч качан өнүкпөйт жана келечеги жок өлкөлөрдүн катарында болушат.

Ошондуктан келечеги бар, күчтүү Кыргызстанды түзүп кетишибиз керек. Тартипке баш ийгенди үйрөнөлү. Мурдагыдай инвесторлорду, бизнесмендерди тоногон криминалдар болбош керек. Эгер кимдир бирөөлөр бизнесмендерден, ресторандардан, базар ээлеринен «үлүш, отметка» сурап келгендер болсо дароо укук коргоо органдарына кайрылгыла, коркпогула.

Чагылгандай тездик менен чара көрүлөт. Эгер кайсы бир бизнесмен же базар ээлери өздөрү «отметка» бергенин билип калсак, жазага тартылышат.

Азыр биз түрмөлөрдүн ичин толугу менен оңдоп-түздөп, өндүрүштүн түрлөрүн ачып берип жатабыз. Иш жакшы кетти. Буйрутмалар абдан көп. Түрмөдө отургандар иштеп акча табышсын. Сырттагы үй-бүлө, туугандарын кыйнап «тамак киргиз, кийим киргиз» дебестен, түрмөдө отуруп алып сырттагы үй-бүлө, бала-чакасына акча жиберип турушсун деп шарт түзүп берип жатабыз.

Алдыда келе жаткан 2-3 жылда бардык түрмөлөрдүн ичине өндүрүш ачып, шарт түзүп беребиз. Келечекте эмгек акылары да сыртта иштегендердей эле жогору болушуна шарт түзөбүз.

Сыртта болсо иш көп. Мурдагыдай жумуш жок деген шылтоо түгөнгөн. Иштейм деген кишиге иш толтура. Криминал деген ниетти жок кылып, иштеп, ак эмгек менен жан баксаң, ошол адал болот, ошол жугуштуу, берекелүү болот.

Келгиле, мейли ким болбойлу таза, күчтүү, келечектүү Кыргызстанды куруп, келечек муундарга калтырып кетели.

Маектешкен Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев

Пикир

Оставить комментарий