• 86.2
  • 92.86
  • 0.9

Кримтөбөл «Женго» жакынкы аралыкта кармалат – УКМКнын төрагасы

Коом 0

Бишкек, 24.12.20. /Кабар/. КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев «Женго» каймана аттуу кримтөбөл Кадырбек Досонов учурда кайсыл жакта экендиги тууралуу айтып берди.

Маалымат жыйындын жүрүшүндө УКМК төрагасы Досонов жакынкы аралыкта кармала тургандыгын айтты.

«Биз анын кайсыл жакта жүргөндүгүн билебиз. Ал коңшу мамлекетте. Тажикстанда, айрым учурда Өзбекстанга өтөт», - деди ал.

Ташиев кошумчалагандай, жакында эле эки киши «Женгонун» уюшкан кылмыштуу тобунан чыкты.

«Биз аларды койо бердик. Эгерде алар кримчөйрөгө кайра аралашса, анда кармалышат», - деп кошумчалады УКМКнын төрагасы.

Эске сала кетсек, УКМК Досоновго карата издөө жарыялаган.

Пикир

Оставить комментарий