• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Криштану Роналду алгачкы миллиардер футболчу болду

Спорт 0

Бишкек, 11.06.20. /Кабар/. "Ювентус" клубунун чабуулчусу, футбол боюнча Португалиянын командасынын капитаны Криштиану Роналду акча каражаты миллиардга жеткен алгачкы футболчу болду. Бул тууралуу Forbes сайты жазып чыкты.

Интерфакс басылмасынын маалыматында, 17 жылдан бери Роналдунун футболдук клубдардан алган айлыгынын жалпы суммасы 650 млн долларды түздү. Калган киреше жарнамалык келишимдеринен түшкөн. Ошол эле учурда Роналдунун "Ювентус" клубу менен түзүлгөн келишимди алганда анын жалпы тапкан акчасынын суммасы 765 млн долларды түзөт.

Роналду баскетболчу Майкл Жордан, гольф чебери Тайгер Вудс жана боксчу Флойд Мэйвейзерлердин катарына кошулуп, миллиардер-спортчу болду. Португалиялык оюнчу "Спортинг", "Манчестер Юнайтед", "Реал" командаларында ойноп, үч өлкөнүн тең футбол боюнча чемпиону болгон.

Ал беш жолу "Алтын топту", Чемпиондор лигасын 5 ирет уткан. Ал эми Португалиянын курамында Европанын чемпиону жана Улуттар лигасын бир ирет уткан.

Пикир

Оставить комментарий