• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

КРны 2026-жылга чейинки орто мөөнөттүү өнүктүрүү программасынын долбоорунун алкагында экономиканын тармактарын өнүктүрүү талкууланды

Экономика 0

Бишкек, 27.09.21./Кабар/. Бүгүн, 27-сентябрда, Президенттин Администрациясы жана Экономика жана финансы министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейинки орто мөөнөттүү өнүктүрүү программасынын долбоорун талкуулоо боюнча тегерек стол уюштурулду.

Аталган иш-чара эл аралык уюмдар жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен программанын жоболорун талкуулоого багытталган.

Бул жолугушуу 2026-жылга чейинки программанын долбоорунун кезектеги талкууланышы болуп саналат.
Өткөн аптада бизнес жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен бизнести өнүктүрүү, мамлекеттик башкаруу жана социалдык секторду өнүктүрүү багытында жолугушуулар болуп өткөн.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министринин биринчи орун басары Данияр Иманалиев аталган документти иштеп чыгуунун актуалдуулугун, анда өлкөдөгү, аймактагы жана дүйнөдөгү болуп жаткан өзгөрүүлөрдү эске алуу менен мындан аркы өнүгүүнүн жаңы көз карашын калыптандыруу камтылганын баса белгилеген.

Өлкөнүн өнүгүүсүнүн стратегиялык максаты - адамга көңүл буруп, мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана өзүн-өзү реализациялоосу үчүн жагымдуу шарт түзүп берүү.

2026-жылга чейинки программада антикризистик чаралар, башкаруу тутумун реформалоо, экономиканын негизги тармактарын өнүктүрүү жана социалдык өнүктүрүү, тышкы саясатты калыптандыруу маселелери жана башка алгылыктуу багыттар каралганы белгиленет.

Биринчи кезектеги антикризистик чаралар катары COVID-19дун жана COVID-19дун жаңы штаммдарынын жайылышын алдын алуу, калкты массалык эмдөө жана экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүү каралат.

Мындан сырткары, программада балдардын эрте өнүгүүсүн колдогон Келечек муундардын фондун түзүү болжолдонууда. Документте жалпысынан Кыргызстандын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсүнө өзгөчө орун берилет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын стратегиялык өнүгүү жана пландоо бөлүмүнүн башчысы Аскат Беков өнүктүрүү боюнча өнөктөштөргө улуттук программаларды ишке ашырууга жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө кошкон салымдары үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле, ал 2026-жылга чейинки программага киргизилген алгылыктуу багыттар эл аралык уюмдардын жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн биргелешкен кызматташуусунун стратегиялык багыттарына толук шайкеш келерин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий