• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

КРнын 2018-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету бекитилди

Президент 0

Бишкек, 24.12.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын 2018-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу» Мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 28-ноябрында кабыл алынган.

Аталган Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын 2018-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету атайын каражаттарды эске алуу менен, кирешелер боюнча 135,5 млрд. сом суммасында, чыгашалар боюнча 141,9 млрд. сом суммасында, чыгашалардын кирешелерден 6,4 млрд. сом суммасында ашуусу менен бекитилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий