• 87
  • 90.41
  • 0.84

“КРнын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” КР мыйзамына кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 24.12.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 28-ноябрында кабыл алынган.

Аталган Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети кирешелер боюнча 163 710,4 млн. сом суммасында жана чыгашалар боюнча 171 663,9 млн. сом суммасында бекитилди, республикалык бюджетинин тартыштыгынын чектик өлчөмү 7 953,5 млн. сом суммасында белгиленди.

Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий