КРнын Араб Эмираттарындагы жаңы дайындалган элчиси ишеним грамоталарын тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 27.01.20 /Кабар/. 2020-жылдын 26-январында Кыргызстандын Араб Эмираттарындагы жаңы дайындалган элчиси Абдилатиф Жумабаев Бириккен Араб Эмираттарынын Тышкы иштер жана эл аралык кызматташуу министрлигинин Протокол иштери боюнча министринин орун басарынын жардамчысы Шихаб Аль Фахимге Ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Шихаб Аль Фахим Абдилатиф Жумабаевди Кыргыз Республикасынын Бириккен Араб Эмираттарындагы элчиси катары дайындалышы менен куттуктап, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди жана кызматташууну бекемдөөгө багытталган милдеттерди аткарууда ийгиликтерди каалады.

Абдилатиф Жумабаев эки тараптуу кыргыз-эмираттык мамилелерин андан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө бардык күчүн жумшоого даяр экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий