• 87
  • 90.41
  • 0.84

КРнын окуу жайларына технопарк курууга эстониялык адистер жардам беришүүдө

Коом 0

Бишкек, 16.08.18. /Кабар/. Кыргызстандын 3 жогорку окуу жайынын базасындагы технопарктарга жыл сайын 6 миллион сомдук бюджет каралган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын инновация жана стратегиялык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Өскөнбай Козубаев билдирди.

Анын айтымында, базасында ойлоп табуучу аянтчалар түзүлгөн жогорку окуу жайлар сынактын негизинде тандалып алынган.

“Технопарктардын планы даяр. Алар эстониялык адистер менен биргеликте иштелип чыккан. Бул аябай татаал иш көрүндү. Бизге Австрия жана Финляндиядан келген эскперттер дагы жардам беришти”, - деди Козубаев.

Ал сынактык тандоо ушул жылдын башында аяктаганын, учурда тандалган аянттардын юридикалык каттоосу жүрүп жатканын айтты. Технопарктар 3 ЖОЖдун базасында пайда болот: Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик куруучулук, транспорт жана архитектура университетинин, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жана М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин.

“Айта кетчү нерсе, 2015-2017-жылдагы мыкты инновациялык долбоор сынагын, технопарктарды ачууну “Кыргызпатент” каржылоодо. Мисалы, мыкты инновациялык долбоор сынагына 3 жылда 74 арыз берилген. Бирок ведомство аралык комиссия тарабынан 11 долбоор тандалып алынган. Алардын ишке ашышы 6 миллион 695 миң 950 сомго бааланууда. Технопарктардын бир жылдык жумушуна 6 миллион сом сарпталат”, - деди ал.

Козубаев мындай аянтчалар Кыргызстанда жаңылык эмес экенин белгилеп өттү. 1980-жылдардын башында республикада биринчи илимий-изилдөө борбору ачылган.

Пикир

Оставить комментарий