• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

КРнын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Ѳмүралиев Малатия шаарында иш сапары менен болду

Коом 0

Бишкек, 20.01.20. /Кабар/. 2020-жылдын 14-15-январында Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Ѳмүралиевдин Малатия шаарына иш сапары болуп ѳттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сапардын алкагында, элчи Кубанычбек Ѳмүралиев Малатия провинциясынын губернатору Айдын Баруш менен жолугушту. Тараптар боордош эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү зарылдыгын белгилешти. Элчи Малатия шаарындагы этникалык кыргыздардын (вандык) кайрылууларына жардам берүү жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн турак жай бөлүп берүү суранычын билдирди.

Малатия шаарынын Мэри Селахаттин Гүркан менен болгон жолугушууда Кубанычбек Ѳмүралиев, Кыргыз Республикасынын региондорду өнүктүрүү жылынын алкагында, Баткен менен Малатия шаарларынын ортосундагы достук жана боордоштук байланыштарынын дагы да тыгыз кызматташуусунун зарылдыгын белгиледи. Манас баатырынын элесине арнап, мэр Селахаттин Гүркан Малатия шаарындагы парктын атын Манас деп атоону сунуштады.

Эки тараптуу кызматташтыкты ѳнүктүрүү жана тажрыйба алмашуу максатында, элчи Кубанычбек Ѳмүралиев Малатия шаарынын мэри Селахаттин Гүрканды Баткен жана Ысык-Кѳл облустарына иш сапар менен келүүгѳ чакырды. Ошондой эле, Кубанычбек Ѳмүралиев этникалык кыргыздарды мамлекеттик кызматка ишке алуу боюнча суранычтарын кароону ѳтүндү.

Бул жолугушуулардан мурда, элчи Кубанычбек Ѳмүралиев Малатия шаарында жашаган этникалык кыргыздар жана кыргыз жарандары менен жолугушту. Мекендештер менен болгон жолугушууда элчи Кыргызстандагы кырдаал жөнүндө, ошондой эле Түркиянын аймагындагы жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди жана кызыктырган суроолоруна жооп берди.

Маалымат катары: Малатия – Түркиянын Анадолу өрөөнүнүн чыгышындагы 1 миллионго жакын калкы бар административдик борбор. Экономикасында айыл чарба, текстилдик өнөр жай жана курулуш үстѳмдүк кылат, эки уюштурулган өнөр жай зоналары бар (үчүнчүсү курулууда). Түркиянын Малатия шаары дүйнөдө өрүктүн эӊ ири ѳндүрүүчүсү болуп саналып, 50% таза өрүк жана 95%, кургатылган өрүк ѳндүрүлѳт. Жалпысынан алганда, таза өрүк дүйнөдөгү оруп-жыюуда 10-15% жана кургатылган өрүк 65-80%ды түзѳт жана алар Малатия шаарында өндүрүлѳт. Шаардан жылына болжол менен 250 АКШ долларын түзгѳн 100 миӊ тонна кургатылган өрүктѳр экспорттолот.

Пикир

Оставить комментарий