• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоону камсыз кылуу боюнча мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө жарлыкка кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 30.12.22./Кабар/. Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоону, изилдөөнү жана популярдаштырууну камсыз кылуу боюнча мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыктын максаты Кыргызстандын эли үчүн уникалдуу баалуулук болгон тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоону жана ар тараптуу натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу болуп саналат.

Жарлыкка ылайык, Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө 2023–2027-жылдарга «Көөнө тарых сырлары» тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо, изилдөө жана археологиялык казууларды жүргүзүү боюнча мамлекеттик программаны жана төмөнкүлөр боюнча чараларды караган тиешелүү финансылык коштоо менен аны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планын иштеп чыгуу жана бекитүү тапшырылды:

— тарыхый-маданий мурас объекттерин жана алардын коргоо зоналарын коргоону жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу;

— республикалык жана эл аралык маанидеги тарыхый-маданий мурас объекттеринин аймагында жаңы музей мекемелерин түзүү;

— эл аралык стандарттарга ылайык археология эстеликтерин консервациялоону, реставрациялоону жана музейлештирүүнү камсыз кылуу менен археологиялык казууларды жана изилдөө иштерин жүргүзүүдө иш-чараларды жүзөгө ашыруу;

— жергиликтүү деңгээлде тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо боюнча иштерди күчөтүү;

— тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо жана пайдалануу боюнча мекемелердин материалдык-техникалык базасын алардын илимий, методикалык жана кадрдык ишин өркүндөтүү менен жакшыртуу жана өнүктүрүү;

— Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарын изилдөөнү жана популярдаштырууну караган предметтерди бардык деңгээлдерде билим берүү мекемелеринин окуу программаларына киргизүү;

— маданий баалуулуктарды мыйзамсыз казууну, уурдоону, ташып келүүнү жана ташып чыгууну болтурбоо боюнча алдын алуу иштерин күчөтүү, ошондой эле тарыхый-маданий мурас объекттерин издөө үчүн атайын техникалык каражаттарды (металл издегичтер, металл детекторлор, радарлар, магниттик жана башка электрондук приборлор) колдонуу, жүгүртүү эрежелерин жөнгө салуу.

Пикир

Оставить комментарий