Бишкек, 30.04.19. /Кабар/. Ташкент шаарында Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов менен Ташкент шаарынын акими, Өзбекстан республикасынын Олий Мажлисинин Сенаты Жахонгир Артыкходжаева жолугушту. Бул тууралуу КРнын ӨРдагы элчилигинен кабарлашты.
Жолугушууда тараптар кыргыз-өзбек кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашкан. Алардын ичинде шаарлардын социалдык-экономикалык өнүгүүсү, туризмди жана маданий-гуманитардык алакаларды бекемдөө.
Пикир
Оставить комментарий