• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

КРнын, Өзбекстандын жана Тажикстандын чек арачылары достукту бекемдөө максатында спорттук мелдештерди уюштурушту

Аймак 0

Ош, 08.11.18. /Кабар/. Баткен облусунда Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын чек ара кызматкерлеринин ортосунда "Чек арадагы кызматташтык - спорттогу биримдик" ураанынын алдында спорттук мелдештер өттү.

Турнирге Баткен, Өзбекстандын Фергана облустарынын командалары жана Тажикстандын Согдий облусунун командасы катышты. Турнирдин максаты коңшу мамлекеттердин чек ара кызматкерлеринин ортосундагы достукту жана ынтымакты бекемдөө.

Мелдешти Баткен облусунун аймагында жайгашкан 2001 аскердик бөлүгү уюштурган.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү өз сөзүндө аталган турнир үч мамлекеттин чек ара кызматкерлеринин ортосундагы достукту бекемдөөгө салымын кошорун белгилеп өттү.

Футболдук турнирдин жыйынтыгы боюнча биринчи орунду Баткен, экинчи орунду Ферганалык команда, үчүнчү орунду Согдий облусунан келген команда ээледи.

Пикир

Оставить комментарий