• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Россия КРСУнун технопаркы менен жаңы кампусун курууга 15 млрд рубль бөлөт

Коом 0

Бишкек, 22.01.25. /Чолпон Жумалиева – Кабар/. Бишкектеги Б. Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин (КРСУ) технопаркы менен жаңы кампусун курууга Россия тарап 15 млрд рублдин тегерегинде каражат бөлүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу аталган университеттин ректорунун милдетин аткаруучу Сергей Волковдун ТАСС маалымат агенттигине берген маегинде билдирген.

Сергей Волковдун айтымында, КРСУ жакынкы жылдарда студенттердин жана университеттин алдындагы мектеп окуучуларынын санын дээрлик эки эсеге көбөйтүүнү пландоодо.

"Учурда кыргыз тарап менен жаңы кампус куруу үчүн тиешелүү жер тилкесин алуу маселеси чечилип жатат. Биз бул багытта Бишкек мэриясы жана президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Жаңы кампусту долбоорлоо 2025-жылы башталат, ал эми 2026-жылы анын курулушун баштоо пландалууда. Кампустун толук кандуу иштеши үчүн анын аймагында технопарк, клиника, жатакана имараттары жана спорт комплекси керек болот", - деди Сергей Волков.

Ошондой эле ал университет 2040-жылга карата максаттуу багыттардын бири катары студенттердин санын 15 миңге жеткирүүнү көздөп жатканын белгиледи.

"Учурда аталган окуу жайда 8,5 миң студент билим алат. Университеттин инфраструктуралык маселелеринен тышкары окутуу программасын мындан да жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулат", - деди окуу жайдын башчысы.

Мындан тышкары, КРСУнун алдындагы мектеп окуучуларынын санын 507ден 1 миң окуучуга чейин көбөйтүү пландалган.

Белгилей кетсек, аталган мектепте окутуу 2025-жылдын 1-январынан тартып акысыз негизде жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий