• 87
  • 89.77
  • 0.79

КРВИ, сасык тумоо сыяктуу оорулардын жайылышынын алдын алуу чаралары

Ден соолук 0

Бишкек, 08.01.25. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги курч респиратордук вирустук инфекция (КРВИ), сасык тумоо сыяктуу оорулардын жайылышынын алдын алуу чаралары тууралуу эскертти.

Ведомстводон билдиришкендей, коомдук жайларга баргандан кийин колду самындап жууп же дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу зарыл.

Ошондой эле КРВИ же сасык тумоо белгилери бар адамдардан өзүн алыс кармап, жуулбаган кол менен бетиңизге тийбеңиз.

Муну менен катар дем алуу этикетинин эрежелерин сактоо (чүчкүргөндө жана жөтөлгөндө мурунду бүгүлгөн чыканак же бет аарчы менен жаап, КРВИ менен ооругандардын сезондук өсүшү байкалса, коомдук жайларга барууда беткаптарды колдонуу, социалдык аралыкты сактоо зарыл.

"Оору жуктуруп алган учурда алгач жашаган жериңиз боюнча Үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылуу керек. Үй-бүлөлүк дарыгер зарыл учурда ооруканага жөнөтөт", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда бир аптада КРВИ менен сасык тумоонун дээрлик 4,3 миң учуру катталган, бул өткөн аптага салыштырмалуу 1,9%га аз.

Пикир

Оставить комментарий