КТРКнын башкы директорлугуна талапкердин аты-жөнү белгилүү болду

Коом 0

Бишкек, 18.02.19 /Кабар/. Коомдук телерадиокорпорациясына башкы директор болом деген 22 кишинин аты-жөнү белгилүү болду. Жалпысынан 22 адам документин тапшырган.

Талапкерлердин үчөө – Бөлөкбай Шеримбеков, Жылдыз Муслимова, Элдар Аттокуров – документтери толук болбогондуктан кийинки турга өтпөй калышты.

Дагы он талапкер саясий партияга мүчө эмесмин деген кепилдик каты жок экени айтылып, үч күн аралыгында ошондой кат алып келүүгө милдеттендирилди.

Эске салсак, КТРКнын башкы директору 4 жылга шайланат. Шайлоо үч этап менен өтөт. Экинчи тур 28-февралда өтөт.

Талапкердин тизмеси:

  • Илим Карыпбеков
  • Каарманбек Кулуев
  • Сюита Соурбаева
  • Ибрагим Нуракун уулу
  • Адил Турдукулов
  • Малика Курманова
  • Жайнак Үсөн уулу
  • Эркинай Эшанкулова
  • Замирбек Казакбай уулу
  • Мирбек Мурзабеков
  • Мирлан Самыйкожо
  • Алим Токторов
  • Ишен Айтмамбетов
  • Болотбек Тиллебаев
  • Абдихалил Ахматов
  • Сураган Босумбаев
  • Дүйшөк Мамбетөмүров
  • Куттумидин Базаркулов
  • Галина Байтерек

Пикир

Оставить комментарий