Бишкек, 27.11.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Кыргызстандын калкынын 80%дан ашыгы өлкөдөгү диний кырдаалды тынч деп баалайт. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын астындагы Диний кырдаалды иликтөө борборунун директорунун орун басары Кубанычбек Абакиров билдирди.
Анын айтымында, өлкөнүн бардык аймагында бул маселе боюнча изилдөө иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп, калктын диний кырдаал боюнча пикирин угуу максатында сурамжылоо жүргүзүлгөн.
“Биз изилдөө иштерин өлкөнүн бардык аймагында үзгүлтүксүз жүргүзүүдөбүз. Жакында сурамжылоо жүргүздүк. Изилдөөнүн жыйынтыгында бүгүнкү күндө өлкөнүн бардык аймактарында жарандар диний кырдаал тынч деп эсептешет”, - деди ал.
Диний кырдаалды изилдөө борборунун адиси Чынара Сабырова изилдөө жүргүзүүдө үлгү репрезентативдик болушу керектигин белгиледи.
“Изилдөө жүргүзүүдө үлгү репрезентативдик болушу керек. Ошондуктан, мамлекеттик структураларда, жеке сектордо иштеген, ошондой эле айыл чарбасында иштеген жаштардын да, карылардын да пикирин билүү абдан маанилүү. Жакында эле сурамжылоонун жардамында изилдөө жүргүздүк. Сурамжылоо 50дөн ашык суроону камтып, үймө-үй кыдыруу ыкмасы менен жүргүзүлдү”,-деди ал.
Абакиров анонимдүү жүргүзүлгөн сурамжылоого этникалык азчылыктар да, түрдүү динди карманган калктын топтору да катышканын кошумчалады.
"Анонимдүү жүргүзүлгөн сурамжылоого этникалык азчылыктар да, түрдүү динди карманган калктын топтору да катышты. Иликтөөнүн жыйынтыгы президенттик администрацияга жана бир катар мамлекеттик органдарга жөнөтүлдү",-деди ал.
Пикир
Оставить комментарий