Бишкек, 22.11.24. /Кабар/. Кыргызстандын элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев Россиянын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасынын орун басары Борис Чернышов менен жолукту.
Тышкы иштер инистрлигинен билдиришкендей, тараптар кыргыз-орус парламенттер аралык кызматташтыгын кеңейтүү жана тереңдетүү маселелерин талкуулап, эки өлкөнүн парламенттеринин алдыда боло турган иш-чаралары боюнча пикир алышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө алар Россиянын аймагында жашаган Кыргызстандын жарандарынын укуктук абалына көңүл буруп, кыргыз-орус эки тараптуу алакаларындагы актуалдуу маселелерди чечүүдө, ошондой эле маданий-гуманитардык долбоорлорду ишке ашырууда парламенттердин ролун күчөтүүнүн максатка ылайыктуулугун белгиледи.
Тараптар Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да арттыруу үчүн туруктуу байланыштарды улантууну макулдашты.
Пикир
Оставить комментарий