Бишкек, 17.06.20. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, Боронов Кубатбек Айылчиевичти мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотуп, Кыргыз Республикасынын премьер-министри кызматына дайындоо тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын премьер-министри болуп дайындалды
17/06/20 20:14 Кадр саясаты 0
Пикир
Оставить комментарий