• 87
  • 91.29
  • 0.84

Кудайберди Кожобеков кайрадан ОшМУнун ректору болуп дайындалды

Аймак 0

Бишкек, 16.11.24. /Кабар/. Кудайберди Кожобеков кайрадан Ош мамлекеттик университетинин ректору болуп дайындалды. Бул тууралуу окуу жайдан билдиришти.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун тескемесин университеттин окутуучулар курамына президенттин администрациясынын тармактык саясат бөлүмүнүн эксперти Медербек Өмүрбеков тааныштырды. Ошондой эле жолугушууга билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Бекжан Супаналиев катышты.

"ОшМУнун жетишкендиги - бул биздин 5 жылдык эмгегибиздин үзүрү. Мында ар бир окутуучудан баштап жалпы жамааттын талыкпаган ишинин натыйжасыбар. Биздин алдыбызда дагы максаттар бар, аларга биргеликте жетишебиз деп ишенем ", - деди Кудайберди Кожобеков.

Физика-математика илимдеринин доктору, профессор Кудайберди Кожобековдун эмгек жолу 1997-жылы ОшМУнун прикладдык математика жана информатика кафедрасында мугалим болуп иштөөдөн башталган. ЖОЖдун окуу иштери боюнча проректору кызматына чейинки орундарды ээлеген. 2017-жылдан 2019-жылга чейин билим берүү жана илим министринин орун басары кызматын аркалаган. 2019-жылдын 11-ноябрынан бери Ош мамлекеттик университетинин ректору болуп иштеп келген.

Белгилей кетсек, быйыл ОшМУ QS Stars эл аралык рейтингинде Борбор Азиядагы алдынкы университеттердин катарына кирди.

Пикир

Оставить комментарий